Биз менен байланышыңыз

Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздары Ооганстанга кайтарылды

Кыска кабар | 19 Июл 2021 | 2442 | 0

Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздары Ооганстанга кайтарылды. Бул тууралуу Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин маалымат кызматы билдирди.

13-14-июлда Тажикстанга өткөн 345 ооганстандык кыргыз 4 миң баш мал-жандыгы менен өздөрү жашаган Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Андемин кыштагына 17-18-июль күндөрү кайра көчүрүлгөн.

Ооган кыргыздары жашаган жерине Ооганстандын өкмөтү алардын жеке коопсуздугун камсыз кылууга кепилдик бергенден кийин кайтарылган.

Эскерте кетсек, Тажикстандын Чек ара кызматы 13-14-июль күндөрү Ооганстандан Тажикстандын аймагына 347 ооганстандык кыргыз өткөнүн билдирген. Алардын 91и эркек, 77си аял жана 177си жашы жете элек балдар. Алардын ичинен жолдо эки ымыркай чарчап калган.

Алар Ооганстанда күч алып жаткан «Талибан» кыймылынан чоочулагандыктан Тажикстандын аймагына качып өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM