Биз менен байланышыңыз

Чубак ажы Жалилов атындагы эң чоң мечиттин ачылышы болуп өттү

Кыска кабар | 17 Июл 2021 | 2217 | 0

Бүгүн, 17-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит ачылды.

Маалым болгондой, аталган мечит УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демөөрчүлүгү менен курулду. Ачылыш аземине Чубак ажы Жалиловдун атасы, уулдары, Кыргызстандын муфтийи, белгилүү дин аалымдары, жергиликтүү тургундар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

«Аалым Чубак ажы мечитинин» ачылышына карата Жалал-Абад облус аймагындагы медреселерде билим алып жаткан жаштар ортосунда Куран окуу сынагы да өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө жана жалпы катышуучуларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

«Аалым Чубак ажы мечитинин» курулуш иштери 2019-жылдын сентябрь айында, Чубак ажы Жалиловдун катышуусу менен алгачкы капсула салынып, башталган болчу.

Белгилей кетсек, аталган мечит аалым Чубак ажы Жалиловдун аты ыйгарылган Кыргызстандагы алгачкы чоң мечит болуп калды.

Эске салсак, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын 11-июлунда оорудан улам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM