Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча протоколго кол коюлду

Кыска кабар | 17 Июл 2021 | 1526 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлдан 17-июлга чейин Бишкек шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

«Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайда өттү», — деп айтылат маалыматта.

Бирок Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы протоколдо эмнелерге кол коюлганын жарыялаган жок.

Copyright © 2017 Maral FM