Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 1 миң 334 кишиден табылып, 11 адам каза болду

Кыска кабар | 16 Июл 2021 | 708 | 0

Бүгүн, 16-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 334 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 702, Ош шаарында — 47, Чүй облусунда — 228, Ош облусунда — 67, Талас облусунда — 20, Нарын облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда — 49, Жалал-Абад облусунда — 79, Баткен облусунда — 118 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 1 миң 163 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 11 адам каза болгон: Бишкекте – 6, Таласта – 2, Чүйдө – 1, Жалал-Абадда – 1 жана Ысык-Көлдө – 1 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 863 адам, ал эми амбулатордук түрдө 15 миң 159 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 67 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 3 миң 134 адамдын абалы орто оор, 1 миң 446 киши оор жана 216 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 146 миң 292 учур катталды. Анын ичинен 122 миң 923 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 154 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM