Биз менен байланышыңыз

Депутат Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздарын Кыргызстанга алып келүүнү сунуштады

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 885 | 0

Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов «Талибан» кыймылынан сактануу үчүн Ооганстандан Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздарын Кыргызстанга алып келүүнү сунуштады.

Ал төрагага, президент менен министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлдөрүнө кайрылып, бордоошторго жардам берүү керектигин айтты.

«Ушул маселени президентке айтып, аларды биздин мамлекетке өткөрүп алганга аракет кылбайлыбы. Алар башпаанек издеп жатыптыр», — деди ал.

Эскерте кетсек, Тажикстандын Чек ара кызматы 13-14-июль күндөрү Ооганстандан Тажикстанга 347 ооганстандык кыргыз өткөнүн билдирген. Алардын 91и эркек, 77си аял жана 177си жашы жете элек балдар.

Учурда алар Тажикстандын Мургаб районунун Кызыл-Работ айыл аймагынын Чоштепп жана Дуютук деген жерлеринде жайгаштырылган.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Ооганстанда жашаган кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү ниети бар экенин билдирген.

Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздарынын саны 347ге жетти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM