Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: Жаңы шайлоо мыйзамы саясий катастрофага алып келет

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 1597 | 0

Жаңы сунушталып жаткан аралаш шайлоо мыйзамы саясий катастрофага алып келет. Мындай пикирин депутат Каныбек Иманалиев парламенттин 15-июлдагы жыйынында айтты.

Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ жазган. Анын автору катары президент көрсөтүлгөн.

-Бул мыйзам биринчи эле саясий окуяда курман боло турган кодекс. Экинчиден, Нарын облусунун мисалында айтсак, азыр Нарында 6-7 депутат бар, сиздин (Нуржан Шайлдабекова) кодекс өткөндөн кийин бир депутат болуп калат. Нарын элинин кызыкчылыгы үчүн 6-7 депутат парламентке келгени жакшыбы, же бир депутат келгениби? Элдин укугун азайтып жатасыз. Мындан тышкары, бир депутат эки жолудан ашык шайланып келе албайт деп жазыптырсыз, мындай укукту сизге ким берди? Дүйнөдө андай жок, диктатордук мамлекеттерде гана болот. Чапталбай тургандарды чаптап, иштебеген кодекстерди алып келиптирсиз. Муну менен Кыргызстан катастрофага барат. Ансыз да ар бир чатак шайлоонун айынан пайда болот.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, 90 депутатты аралаш (паралелдик) система менен шайлоо үчүн жаңы шайлоо системасын киргизүү сунушталууда.

35 депутат бир мандаттуу округда мажоритардык система менен, 55 депутат  бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен (партиялык тизме менен) шайланат.

Мурдагы Конституция боюнча Жогорку Кеңеште 120 депутат партиялык система аркылуу шайланган.

Момбеков: Жаңы шайлоо мыйзамы төртүнчү төңкөрүшкө алып келет

Copyright © 2017 Maral FM