Биз менен байланышыңыз

Аксыда сел агызган 5 жаштагы бала табыла элек

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 947 | 0

Аксы районунда 12-июль күнү сел агызып кеткен 8 адамдын ичинен 5 жаштагы бала табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

14-июль күнү издөө иштеринин натыйжасында 2018-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Ал эми 2016-жылы туулган бала табыла элек. Издөө иштери кечээ кечки саат 18:00дө убактылуу токтотулган, бүгүн, 15-июль күнү да улантылат.

Ал эми тартылган техникалар Жолборсту жана Жаңы-Жол айылыдарында сел калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту  айылындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдан кесепетинен Жолборсту сайынан сел жүрүп, 7 адамы агызып кеткен (2 аял, 5 жаш бала).

Мындан тышкары, Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында 2016-ж.т. баланы сел агызган.

Ошондой эле ички чарбалык жолдорду, ички чарбалык 4 көпүрөнү жараксыз абалган келтирген. Райкомол айылында ички чарбалык жолдун 700 метр аралыгын, Лесхоз тилкесинде ички чарбалык жолдун 300 метр аралыгын аӊдап жана 2 жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөрдү агызып кеткен.

Тегене айылында ички чарбалык жолдун 600 метр аралыгын айрым жерлерин аӊдап кеткен, жол каттамына кыйынчылык жаралган.

Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында Кара-Бото жайлоосуна баруучу ички жолдорду сел каптап, 2 ички чарбалык көпүрөнү, 5 жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөрдү сел агызып кеткен. Айыл тургундары учурда айланма жолдор менен катташууда.

Copyright © 2017 Maral FM