Биз менен байланышыңыз

«Апрель» кени: Лейлектин тургундары президенттен кендин иштешине жол бербөөнү суранат

Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 597 | 0

Баткен облусунун Лейлек районундагы айылдардын тургундары президент Садыр Жапаровдон Алмалуу тоосундагы «Апрель» алтын кенинин иштетилишине жол бербөөнү суранат. Бул тууралуу Катраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев билдирди.

Бөрүбаев билдиргендей, бүгүн, 14-июлда Баткен облусунун Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылында Алмалуу тоосундагы «Апрель» алтын кенинде чалгындоо жүргүзүүгө лицензия алган компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу болгон. Жолугушууга Жаңы-Жер, Кулунду, Лейлек, Катраң айылдарынын тургундары, Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов катышкан.

Жолугушууда эл компаниянын кенди иштетишине каршы экенин айткан.

«Эл экологиясын, ичер суусун коргоп өз сөзүн айтты. Акыркы үмүтүбүз Конституциянын гаранты болгон президент Садыр Жапаровдо болуп жатат. Президент элин ойлоп, экологияны эске алып элдин үнүн угат деген үмүтүбүз бар», — деди ал.

Анын айтымында, эл кен иштеп калса, Козу-Баглан дарыясы булганат деп чоочулашат. Экологияга зыян келсе, жашаган жерден көчүп кетүүгө аргасыз болобуз деп кооптонушат.

Компания айылдын эсебине 27 млн сом которуп берген. Бирок ал каражат жергиликтүү тургундардын чечими иштетилбей турат.

Эскерте кетсек, Катраң айылынын тургундары Алмалуу тоосундагы «Апрель» алтын кенинин иштетилишине каршы чыгып, бийликке кайрылып келишет.

Айылдын тургундары президентке жазган кайрылуусунда Кыргызстан «Кумтөрдөн» пайда көрбөгөндөн кийин кичинекей кенди иштетүүдөн эч кандай пайда таппай турганын белгилеп, кендин иштетилишине жол бербөөнү суранат.

Лейлек: Тургундар «Апрель» алтын кенинин иштетилишине каршы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM