Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Тургундар «Апрель» алтын кенинин иштетилишине каршы

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 1805 | 1

Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айылынын тургундары Алмалуу тоосундагы «Апрель» кенинин иштетилишине каршы чыгышууда. Алар президентке кайрылуу да жасашкан.

Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев билдиргендей, айыл тургундары акыркы 10 жылдан бери кендин иштешине каршы чыгып, экологияны сактап калуу үчүн күрөшүп келе жатышат. Алар буга чейин бир нече ирет өкмөткө, президентке кат да, видеокайрылуу да жолдогон. Учурда алар президентке, УКМКнын төрагасына жолугууга аракет кылып, Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылып жатышат. Бирок кайрылуулар буга чейин да, азыр да эч кандай жыйынтык бербей келет.

Айыл тургундары кен иштетилип баштаса, алар тиричиликке (ичүүчү сууга, мал сугарууга) колдонуп келген Козу-Баглан дарыясынын суусу булганат деп чоочулашат.

Кендин иштетилишине бир гана Катраң айылы эмес, Кулунду, Коргон, Лейлек, Ак-Татыр айылынын тургундары каршы.

Бөрүбаевдин айтымында, кендин иштетилишине каршы чыккан депутаттарга жана тургундарга коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат.

Айылдын тургундары президентке жазган кайрылуусунда Кыргызстан «Кумтөрдөн» пайда көрбөгөндөн кийин кичинекей кенди иштетүүдөн эч кандай пайда таппай турганын белгилеп, кендин иштетилишине жол бербөөгө чакырат.

Эртең, 14-июлда айыл тургундары менен компаниянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтөт.

Катраң айылынын тургундарынын кайрылуусу

1 пикир

1 пикир

  1. Абдилашим

    13.07.2021 22:11

    Алтын кен иштебеш керек биз каршыбыз урматуу туугандар озубуздун жерибизди коргойлу

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM