Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Орусиядагы мигранттар ортосундагы мушташта Кыргызстандын 72и жараны кармалган

Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 1015 | 0

Орусияда кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар ортосундагы мушташта укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын 72и жараны кармалган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиялдагы элчилигинен билдиришти.

Элчиликтен билдиришкендей, 10-июль күнү социалдык тармактарда, анын ичинде WhatsApp аркылуу бычактан жараат алган кыргызстандыктардын тез жардам менен ооруканага алынып бара жатканы тартылган сүрөт жана тасмалар таратыла баштаган.

“Ал окуя бильярд клубунда болуп, анда белгисиз адамдар Кыргызстандын 4 жаранын бычактап кеткен. Учурда ал факт боюнча соттук медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүу процессуалдык чечимдер чыгарылат”, — деп билдирет элчилик.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн элчиликке анын катышуучулары чакырылган. Кандайдыр бир чыр чыгып кетпеши үчүн жабыркагандар Кыргызстандын жарандарына чагымчылдыкка алдырбоого, Орусиянын мыйзамдарын сактоого чакырып кайрылуу жасаган.

Бирок, мурда таратылган видео жана сүрөттөр жайылып, туура эмес маалыматтар чыгып кеткен. Андан кийин белгисиз адамдар социалдык тармактарда Москванын Кузьминки метросу аймагында чогулууга чакырып, кыргыз жана тажик мигранттарынын ортосунда улуттар аралык чыр чыгарууга үндөй баштаган.

Мигранттардын ортосундагы урушту алдын алуу үчүн ал боюнча Орусия ИИМинин Башкы башкармалыгынын Экстремизмге каршы борборуна кабар берилген.

Көрүлгөн аракеттерге карабай түнгө жакын мигранттар ортосунда калайман уруш болгон. Жалпысынан ага 180ге жакын адам катышкан.Укук коргоо органдары 103 кишини кармаган. Алардын ичинен 72си Кыргызстандан жарандары.

“Кармалган кыргызстандык жарандарга юридикалык жана башка жардам көрсөтүү үчүн элчиликтин консулу полиция бөлүмүнө барып келди. Ошондой эле башка чыр чыкпашы үчүн элчилик туура эмес жана чагымчыл маалыматтарды таратпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM