Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште депутаттар Аксыда селден каза болгон жарандарды эскеришти

Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 423 | 0

Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 12-июлда Аксыда болгон селден каза тапкан жарандарды эскеришти.

Төрага Талант Мамытов Аксыда селдин кесепетинен бир нече жаран каза болгонун айтып 1 мүнөттүк эскерүү жарыялады.

«Жалпы Жогорку Кеңештин атынан, өзүмдүн атыман апааттан каза болгондордун жакындарына, туугандарына кайгысын тең бөлүшүү менен көңүл айтам», — деди ал.

Эскерте кетсек, 12-июлда Аксы районунда сел жүрүп, Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында суу 8 кишини агызып кеткен.  Алардын ичинен 7 кишинин сөөгү табылды. 1 жаш бала табыла элек.

12-июлда Аксы районунун акиминин буйругу менен Жаңы-Жол жана Ак-Жол айыл аймактарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM