Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 12-июлда Аксыда болгон селден каза тапкан жарандарды эскеришти.
Төрага Талант Мамытов Аксыда селдин кесепетинен бир нече жаран каза болгонун айтып 1 мүнөттүк эскерүү жарыялады.
«Жалпы Жогорку Кеңештин атынан, өзүмдүн атыман апааттан каза болгондордун жакындарына, туугандарына кайгысын тең бөлүшүү менен көңүл айтам», — деди ал.
Эскерте кетсек, 12-июлда Аксы районунда сел жүрүп, Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында суу 8 кишини агызып кеткен. Алардын ичинен 7 кишинин сөөгү табылды. 1 жаш бала табыла элек.
12-июлда Аксы районунун акиминин буйругу менен Жаңы-Жол жана Ак-Жол айыл аймактарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.