Биз менен байланышыңыз

«Мегаком» кайра сатыкка коюлушу мүмкүн

Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 676 | 0

Министрлер кабинети бир нече мамлекеттик компанияны сатуу маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна койду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, өкмөт «Альфа Телекомду» («Мегаком») менчиктештирүү жана «Кепилдик фонд» (14,09%), «Керемет банк» (0,74%) жана «Евразиялык сактык банкынын» (76,56%) үлүштөрүн сатуу маселесин депутаттардын кароосуна койду.

«Керемет банктын» акцияларын Улуттук банк, кирешелүү болгондуктан «Кепилдик фонддукун» бизнесмендер, «Мегакомдукун» чет элдик инвестор сатып алышы мүмкүн. Ал эми «Евразиялык сактык банкын» сатуу оңой болбойт», — деп жазган ал.

Ал билдиргендей, «Мегакомдун» сатылышына УКМК каршы чыгып жатат.

«Ар бир революция жана бийлик алмашуудан кийин мамлекеттик ишканалар чиновниктердин туугандарын жумушка орноштура турган агенттик боло бербеши керек. Андан көрө алар жеке компания болуп, салык төлөсүн», — деген ал.

Copyright © 2017 Maral FM