Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын ИДПсы 1,7%га азайды

Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 209 | 0

Быйыл январь-июнь айларында Кыргызстандын Ички дүң продукциясы (ИДП) дээрлик 271 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Былтыркы жылдын алты айына караганда ИДП 1,7%га азайган.

Ошол эле учурда «Кумтөр» ишканаларын эсепке албаганда ИДП 242 млрд сомдон ашып, 3,7%га көбөйгөн.

ИДПнын төмөндөшү курулуш, өндүрүш тармагына байланыштуу болгон.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча ИДП 192 млрд сомду түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM