Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында күнү-түнү иштей турган үч эмдөө пункту ачылды

Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 391 | 0

Ош шаарында күнү-түнү иштей турган үч эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Күнү-түнү эмдөө тез жардам станциясында, Ак-Тилек кичи районундагы шаардык оорукана жана Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан эски шаардык ооруканада жүргүзүлөт.

Ошондой эле күндүз эмдөө жүргүзүлө турган эмдөө жайлары да бар:

— №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда;

— Аэропорт шаарчасынын жана Ош мамлекеттик университетинин дарылоо пункттарында;

— Сай, Орке, Тээке, Арек, Төлөйкөн, Жапалактагы ФАПтар, «Алмалык», «Пятилетка»,  «Сулайман-Тоо», «Озгур», «Беш-Калпак» ФАПтарында;

— Гагарин, Алтыбаев, №27 Партсъезд жана Горький атындагы мектептерде;

— Ош шаарынын борбордук базары, «Фрунзе» жана «Келечек» кичи базарларында;

— «Глобус», «Фрунзе » гипермаркетинде, ошондой эле, Амир-Тимур аймагында жайгашкан почтада эмдөө жүрөт.

Ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдында эмдөөгө чейин кеңеш алуу үчүн мобилдик топтор уюштурулган. Ош шаары боюнча 12 мобилдик топ бар.

Вакцина алууга келгендердин жанында паспорту (ID-карт) болушу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM