Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын элчилиги Москвада мигранттар мушташты деген маалыматка түшүндүрмө берди (видео)

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 1214 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарынын Химки районунда белгисиз адамдар менен болгон чыр-чатактан улам жаракат алган 4 кыргыз жараны тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар боюнча түшүндүрмө берди .

Элчилик Орусиянын тиешелүү органдары окуянын күнөөкөрлөрүн издеп жатканын билдирет.

«Социалдык тармактарда чыр-чатак улуттар аралык негизде келип чыккан деген маалыматтар чындыкка дал келбейт», — деп билдирет элчилик.

Элчилик Орусиядагы Кыргызстандын жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого жана Орусиянын мыйзамдарын сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM