Биз менен байланышыңыз

Президент сунуштаган шайлоо мыйзамында эки вариант көрсөтүлдү

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 1074 | 0

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады.

Мыйзам долбоору тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин 13-июлдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берди.

Мыйзам долбоорун президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ иштеп чыккан, автору катары өлкө башчы көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоору жаңы Конституцияга шайкеш келтирүүгө багытталган. Ага ылайык, 90 депутатты аралаш (паралелдик) система менен шайлоо үчүн жаңы шайлоо системасын киргизүү сунушталууда.

35 депутат бир мандаттуу округда мажоритардык система менен, 55 депутат  бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен (партиялык тизме менен) шайланат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, мыйзам долбоору былтыр өткөң парламенттик шайлоодогу элдин нааразычылыгын эске алуу менен жазылган.

Мурдагы Конституция боюнча Жогорку Кеңеште 120 депутат партиялык система аркылуу шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM