Биз менен байланышыңыз

Президент Аксыдагы селдин кесепеттерин тез арада жоюу тапшырмасын берди

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 697 | 0

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы селдин кесепеттерин тез арада жоюу тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле жаратылыш кырсыгынан жабыркаган тургундарга тиешелүү жардам көрсөтүү тапшырылган.

Президент селдин кесепетинен жабыркаган жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтат. Ал бүтүндөй өлкө жакындарын жоготкон жарандардын оор кайгысын тең бөлүшөрүн, жабыркагандардын баарынын тез сакайып кетишине үмүттөнөрүн билдирген.

Президенттин администрациясы жабыркагандардын баарына мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-июлда Аксы районунда сел 8 кишини агызып кеткен. Анын ичинен 6 кишинин сөөгү табылган.

Copyright © 2017 Maral FM