Connect with us

Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча катталган маалыматтар

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 515 | 0

Кечээ, 11-июль күнү Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо күнү мыйзам бузуулар боюнча жалпы 67 маалымат түштү.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинен 38 наменклатуралык иш, 16 маалымат каралып жатат, 2 маалымат бириктирилип, 6 маалымат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренеси (Добуштарды сатып алуу) боюнча 3 факты, Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча 2 факты катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Бишкек шаары боюнча 37  маалымат катталып, курамында мыйзам бузуу аныкталбагандыктан 23 факты наменклатуралык ишке чыгышталды, 10 маалымат каралып жатат, 1 маалымат бириктирилди.

Учурда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренеси (Добуштарды сатып алуу) боюнча 3 факты катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Ош шаары боюнча 12 маалымат катталган, анын ичнен 6 маалымат аймактык шайлоо комиссиясына  жөнөтүлүп, 6 маалымат каралууда.

Токмок шаары боюнча маалыматтардын электрондук журналына 18 маалымат катталып, анын ичинен  15 номенклатуралык ишке чыгышталган,  бирөөсү бириктирилген. 2 факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча 2 факты катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM