11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра өтүп жаткан жергиликтүү кеңешти шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыга баштады. Ага ылайык, Бишкек шаары боюнча жыйынтык төмөнкүдөй:
- «Эмгек» — 18,34%
- «Ата-Журт Кыргызстан» — 13,88%
- «Ишеним» — 12,39%
- «Ынтымак» — 10,83%
- «Өнүгүү-Прогресс» — 8,14%
- «Социал-демократтар» — 8,18%
Калган партиялар 7%дык босого көрсөткүчтөн өткөн эмес.
Белгилей кетсек, бул — Бишкектеги 225 шайлоо участогунан келип түшкөн жыйынтык. Борбор калаада жалпысынан 228 участок бар.