Биз менен байланышыңыз

Алай районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 3 киши жабыркады

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 702 | 0

«Ош – Сары-Таш – Эркечтам» жолунда 2 унаа жол кырсыгына учурап, 2 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жол кырсыгы аталган жолдун 70-чакырымында (Алай району, Кара-Булак айылы) болуп, Lexus LX 570 менен Toyota Corolla унаалары кагылышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп (1 аял, 1 эркек), 3 киши жабыркаган (1 аял, 2 эркек).

Кырсыктан жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы Алай райондук ооруканасына жеткирген.

Ал эми каза болгон жарандардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM