Биз менен байланышыңыз

Месси Америка Кубогун жеңип алды (видео)

Кыска кабар , Спорт | 11 Июл 2021 | 1706 | 0

Америка Кубогунун финалдык беттешинде Аргентина курама командасы Бразилияны 1: 0 эсебинде утуп алды.

Оюн Рио-де-Жанейродогу “Маракана” стадионунда өттү.

Мелдештин 22-мүнөтүндө чечүүчү голду Анхель Ди Мария киргизди.

Жарым финалда Аргентинанын курама командасы Колумбияны уткан, Бразилия болсо Перунун командасын утуп, финалга чыккан.

Аргентина үчүн биринчи кубокту чабуулчу Лионель Месси жеңип алды. Месси 2014-жылы Аргентина курама командасынын курамында Дүйнөлүк Кубоктун күмүш медалын жеңип алган.

Ошондой эле  Америка Кубогунун үч күмүш медалын (2007, 2015, 2016) жана бир коло медалдын ээсин (2019) жеңип алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM