Америка Кубогунун финалдык беттешинде Аргентина курама командасы Бразилияны 1: 0 эсебинде утуп алды.
Оюн Рио-де-Жанейродогу “Маракана” стадионунда өттү.
Мелдештин 22-мүнөтүндө чечүүчү голду Анхель Ди Мария киргизди.
Жарым финалда Аргентинанын курама командасы Колумбияны уткан, Бразилия болсо Перунун командасын утуп, финалга чыккан.
¡A los pies de la copa! Enorme festejo del plantel argentino con su gente 🇦🇷
🇦🇷 Argentina 🆚 Brasil 🇧🇷#VibraElContinente #VibraOContinente pic.twitter.com/Sgr48GOBkR
— Copa América (@CopaAmerica) July 11, 2021
Аргентина үчүн биринчи кубокту чабуулчу Лионель Месси жеңип алды. Месси 2014-жылы Аргентина курама командасынын курамында Дүйнөлүк Кубоктун күмүш медалын жеңип алган.
Ошондой эле Америка Кубогунун үч күмүш медалын (2007, 2015, 2016) жана бир коло медалдын ээсин (2019) жеңип алган.