Биз менен байланышыңыз

Бишкекте саат 10.00гө карата 15 миң 59 шайлоочу добуш берди

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 675 | 0

11-июль саат 10.00гө карата Бишкек шаарында 15 миң 59 шайлоочу добуш берди. Бул борбор калаадагы шайлочулардын 3,53 пайызын түздү.

Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов брифингде кабарлады.

-Ленин району боюнча 4642 шайлоочу добуш берди, бул 3,68 пайызды түзөт;

-Октябрь району 3706 шайлоочу, 3,44 пайыз;

-Биринчи май 3702 шайлоочу, 3,97 пайыз;

-Свердлов 3900 шайлоочу добуш берди, бул 3,01 пайызды түзөт.

Бишкекте жалпы 18 саясий партия катышууда. Катталган 1238 талапкер бар. 17 талапкер өз арызы менен чыгарылган, 3 талапкер даттануулардын негизинде чыгарылган. Бишкек шаары боюнча 426 миң 699 шайлоочу катталган.

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Бишкекте 426699, Ошто 152718, Токмокто 38100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM