Биз менен байланышыңыз

Баткен: Кыргызстандын чек ара аскерин тажик чек арачылары кармап кеткен

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 1350 | 0

Кечээ, 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышуу учурунда Тажикстандын чек арачылары кыргыз чек арачысын кармап, өздөрү менен Тажикстанга алып кеткен. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү окуяны жеринен териштирүү жүргүзүүдө.

«Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлү Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан окуя учурунда кармалган кыргыз чек ара аскерин кайтарып берүүнү талап кылды. Учурда тараптардын сүйлөшүүсү уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Чек ара кызматы кечээ, 8-июль күнү болжол менен саат 17:00дө Чашмагилдан ашуусу жакта Тажикстандын чек арачылары кыргыз чек арачыларына күтүүсүздөн кол салганын жана ортодо ок атышуу болгонун билдирген. Ал окуядан Кыргызстандын 27 жаштагы Хуснидин Хожиев аттуу чек ара аскери каза болгон.

Алдын ала маалымат боюнча тажик тараптан да каза болгон жана жаракат алгандар бар.

Copyright © 2017 Maral FM