Биз менен байланышыңыз

Көчмө добуш берүүгө 4 миңдей шайлоочу катышат

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 470 | 0

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра шайлоодо участоктордон тышкары добуш берүү үчүн 3992 арыз түштү.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 2602  шайлоочу, Ош боюнча – 1168,  Токмок боюнча – 222 шайлоочу арыз берди.

Добуш берүү шайлоо күнүнө бир календардык күн калганда эртең мененки саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде шайлоочунун жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.

2021-жылы 10-июлда шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтөт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине ылайык, ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган жарандар көчмө добуш берүүгө катыша алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM