Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра шайлоодо участоктордон тышкары добуш берүү үчүн 3992 арыз түштү.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 2602 шайлоочу, Ош боюнча – 1168, Токмок боюнча – 222 шайлоочу арыз берди.
Добуш берүү шайлоо күнүнө бир календардык күн калганда эртең мененки саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде шайлоочунун жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
2021-жылы 10-июлда шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине ылайык, ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган жарандар көчмө добуш берүүгө катыша алышат.