Биз менен байланышыңыз

Марипов өспүрүмдүн сабалышына байланыштуу окуяны көзөмөлгө алды

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 369 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунда спорттук машыгуу учурунда 9 жашар баланын сабалышына тийиштүү окуяны көзөмөлгө алды.

Балага зомбулук жасаган жактардын аракеттерине укуктук баа берүү тапшырылды. Ошондой эле толеранттуулук, сабырдуулук жана диний маданият боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү маселесине жооптуу болгон Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Билим берүү жана илим министрлигинин да кызматтык жактарынын аракеттерине укуктук баа берилет.

Тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда курдаштары тарабынан сабалган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден соолугуна жеңил зыян келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM