Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы жыл башынан бери дээрлик 47 млрд сом салык чогултту

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 187 | 0

Быйыл алты ай ичинде өлкөдө 46 млрд 969 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов билдирди.

Анын айтымында, белгиленген план 2 млрд 580 млн сомго ашык аткарылган.

«Республикалык бюджетке 37 млрд 817,8 млн сом, жергиликтүү бюджеттерге 9 млрд 151 млн сом жыйналды», — деди ал.

Ал белгилегендей, быйыл алты айда салык былтыркы жылга караганда 13 млрд көп чогултулду.

Жыл аягына чейин 96 млрд 700 млн сом чогултуу пландалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM