Биз менен байланышыңыз

АКШ бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам боюнча тынчсыздануусун билдирди

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 1379 | 0

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды салык органдарына жыл сайын отчет берип турууну милдеттендирген мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

«Америка Кошмо Штаттары жакында Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарга (БӨУ) каржылык жана программалык отчеттуулукту камсыз кылуу боюнча оор талаптарды койгон мыйзамды кабыл алганына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет. Жаңы талаптар бейөкмөт уюмдардын жарандардын жашоосун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч келтирип, өкмөттүн COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүсүнө көмөктөшүү боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттерине тоскоолдук жаратат», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, анда мындай мыйзамдар башка өлкөлөрдө өкмөттү жана саясатчыларды сындаган уюмдарды куугунуктоо үчүн колдонулуп келгени белгиленген.

«Биз өлкө жетекчилигин мыйзамды жана анын кыргыз демократиясынын пайдубалы болгон жарандык коомуна тийгизген таасирин кайра карап чыгууга чакырабыз. Эгемендикке жеткенден бери 30 жыл ичинде түптөлгөн Кыргызстандагы плюрализм жана биримдиктердин эркиндиги салтын коргоо жана бекемдөө зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президент кол койгон мыйзамда коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын салык органдарына акча каражаттарынын булактары, алар кайсы багыттарга жумшалгандыгы, сатып алынган, колдонулуп жаткан мүлкү тууралуу маалымат берип турушу керектиги айтылган.

Анда мыйзамдын максаты материалдык жана акча каражаттарын кайтарымсыз негизде алган коммерциялык эмес уюмдардын ишинде ачык-айкындуулукту орнотуу экенин белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM