Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Ошто добуш сатып алууга шектелген талапкер кармалды

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 810 | 0

Ош шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын биринин өкүлү добуш сатып алып жатканы аныкталды. Бул туралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

7-июлда бул факты Жазык кодексинин 192-беренеси (добуштарды сатып алуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Ош шаарындагы Төлөнов көчөсүнөн жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын биринин талапкеринин өкүлү, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен алектенип жатканы аныкталган.

Окуя болгон жерде Т.Г. аттуу жарандан далил катары 5 миң сом жана төрт шайлоо алдындагы календарь табылган. Андан сырткары штабда тинтүү жүргүзүлүп, ноутбук, уюлдук телефон, үгүтчүлөрдүн тизмеси, штабка жакын жерде жайгашкан дүкөндө орнотулган камеранын видеосу алынды.

Депутаттыкка талапкер С.П.нын өкүлү ага добуш берүү үчүн шайлоочуга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө 5000 сом берген.

8-июлда депутаттыкка талапкер С.П. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кармалган талапкер «Бир Бол» партиясынан Саидисломбек Патидинов экенин жазышты.

Азыркы учурда, бул факт боюнча жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.

ИИМ шайлоо учурунда добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды колдонууга бөгөт коюлуп, мыйзамга ылайык ыкчам чаралар көрүлөрүн эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM