Биз менен байланышыңыз

«Талибан» кыймылы Борбор Азия мамлекеттерине тийбей турганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 3741 | 0

«Талибан» кыймылы Борбор Азия мамлекеттерине тийбей турганын билдирди.

Кечээ, 8-июлда «Талибан» кыймылынын делегациясы Москвага келген. Делегациянын өкүлү Мохаммад Сохаил Шахиндин айтымында, делегация төрт кишиден турат. Алар Москвага Ооганстандын түндүгүндө болгон кырдаалды талкуулоо үчүн келген.

«Биздин жолугушуунун башкы максаты – Ооганстанда, анын ичинде өлкөнүн түндүгүндө болгон акыркы окуяларды талкуулоо. Акыркы учурда көп райондор биздин карамагыбызга өттү», — деген ал.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, делегация менен Орусиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов жолуккан.

Жолугушуу учурунда орус тарап Ооганстандын түндүгүндөгү кырдаалдын курчуп жатканына тынсыздануусун билдирип, анын башка өлкө сыртына таралышына жол бербөөгө чакырган . «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Борбор Азия мамлекеттеринин чек арасын бузбоого жана чет мамлекеттердин Ооганстандагы дипломатиялык жана консулдук миссияларынын коопсуздугуна коркунуч жаратпоого убада берген.

Белгилей кетсек, АКШ аскерлерин чыгара баштагандан тарта Ооганстанда өкмөт аскерлери менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган. «Талибан» кыймылы улам бир районду басып алууда. Аталган кыймыл менен болгон куралдуу кагылыштан улам өкмөттүк аскерлер Тажикстанга качып өткөн учурлар көбөйдү.

Ооганстандын түндүгүндөгү кырдаалга байланыштуу тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн Тажикстан ЖККУга жардам сурап кайрылган.

Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Тажикстан ЖККУдан жардам сурады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM