Биз менен байланышыңыз

Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Тажикстан ЖККУдан жардам сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 1151 | 0

Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Тажикстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан (ЖККУ) жардам сурады.

Кечээ, 7-июлда Такжистандын ЖККУдагы өкүлү Хасан Султоновдун төрагалыгы алдында Уюмдун Туруктуу кеңешинин онлайн отуруму өткөн. Ага ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышкан.

Жыйындын жүрүшүндө Султонов тажик-ооган чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат берген. Ал акыркы 2 жумада «Талибан» кыймылы Ооганстандын түндүк аймактарында улам бир районду басып алып жатканын айтып, талибдер менен өкмөт аскерлеринин тирешинен улам алардын аймагына 1 миң 500гө жакын ооган аскери качып өткөнүн билдирген.

Султонов тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга байланыштуу чек араны бекемдөө үчүн президент Коргоо министрлигине резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону тапшырганын белгилеген.

«Тажикстан Ооганстан менен эң узун чек арасы бар өлкө катары кырдаалды көзөмөлгө алуу боюнча аракеттерди көрүп жатат. Бирок аймакта болуп жаткан кырдаалды эске алганда жана Ооганстан менен болгон чек аранын айрым тилкелери тоолуу жерлерде болгондуктан ал ишти жалгыз алып баруу кыйын болору көрүнүп турат. Азыркы кырдаал ЖККУ алкагында тиешелүү чара көрүүнү, анын ичинде түштүк аймактарды күчтөндүрүү боюнча аракет жасоону талап кылууда», — деди ал.

Белгилей кетсек, ЖККУ – коргонуу, коопсуздук боюнча уюм. Ага Кыргызстан, Казакстан, Армения, Орусия, Тажикстан жана Беларусь мүчөлүк кылат.

АКШ аскерлерин чыгара баштагандан тарта Ооганстанда өкмөт аскерлери менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган. «Талибан» кыймылы улам бир районду басып алууда. Аталган кыймыл менен болгон куралдуу кагылыштан улам өкмөттүк аскерлер Тажикстанга качып өткөн учурлар көбөйдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM