Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Тажикстан резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июл 2021 | 1309 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстан менен болгон чек арасын бекемдөө үчүн Коргоо министрлигине резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону тапшырды.

Кечээ, 5-июлда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда Ооганстандагы кырдаалдын курчушу, тажик-ооган чек арасын коргоо чараларын көрүү маселелери каралган.

Жыйында тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин маалыматы угулуп, чек араны бекемдөө боюнча тапшырмалар берилген.

Белгилей кетсек, АКШ аскерлерин чыгарып кетерин билдиргенден кийин Ооганстанда өкмөт аскерлери менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган. «Талибан» кыймылы улам бир районду басып алууда. Аталган кыймыл менен болгон куралдуу кагылыштан улам өкмөттүк аскерлер Тажикстанга качып өткөн учурлар көбөйдү.

Ооганстан: Өкмөттүн 1 миңден ашык аскери Тажикстанга качып өттү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM