Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Илдет 1238 кишиден табылып, 10 адам каза болду

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 881 | 0

Бүгүн, 8-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 238 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 693, Ош шаарында — 67, Чүй облусунда — 151, Ош облусунда — 82, Талас облусунда — 15, Нарын облусунда — 17, Ысык-Көл облусунда — 38, Жалал-Абад облусунда — 86, Баткен облусунда — 89 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 757 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 10 адам каза болгон: Бишкекте – 6, Чүй облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 1 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 525 адам, ал эми амбулатордук түрдө 12 миң 506 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 76 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2 миң 930 адамдын абалы орто оор, 1 миң 293 киши оор жана 186 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 135 миң 739 учур катталды. Анын ичинен 115 миң 513 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 73 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM