Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Инандынын уурдалышына кыргыз бийлигинин катыштыгы бар деген сөздөр акылга сыйбаган нерсе

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 3691 | 0

Түркиянын бир катар массалык маалымат каражаттарына «Сапат» мектептеринин жетекчиси Орхан Инандыны Кыргызстандын атайын кызматтары кармап берди деген маалыматтар тарады.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул айтылгандарга жооп берди.

Султанбаевдин «Маралга» берген маалыматына караганда, Орхан Инандынын уурдалышына кыргыз бийлигинин катыштыгы бар деп айтылган божомол сөздөр таптакыр акылга сыйбаган нерсе.

Орхан Инандынын жоголгону белгилүү болгон алгачкы күндөн тарта президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарына ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, чек ара көзөмөлүн күчөтүүнү жана Орхан Инандыны издөөгө кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган.

Мындан сырткары буга чейин Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракеттери көрүлгөнү, акыркы жолу мындай аракет атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан токтотулуп калганы белгилүү болду. Алар ага сакчылардын коштоосунда жана этият жүрүүсүн эскертишкен.

«Анын уурдалышы тууралуу маселе түрк тарапка коюлуп, кечээ Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды. Учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Орхан Инандынын Түркия жарандыгынан чыкпаганын, Түркиянын жараны экендигин оозеки түрдө билдиришти«, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 7-июлда парламентте да Орхан Инандынын уурдалышы тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматы угулду. Анда депутат Жанар Акаев Түркия басылмалары тарабынан жарыяланган маалыматтарга ыкчам жооп берилбей жатканын сындады. 

«Түркиянын сайты: «Орхан Инандыны Кыргызстандын атайын кызматтары кармап берди», — деп жазып жатышат, унчуккан жоксуңар. Бул социалдык тармактарда жазылган комментарий эмес. Муну маалымат агенттиги жазды. Моюнга алгансып отурасыңар. Бүгүн салмактуу бир гезит: «Бул Садыр Жапаровдун сапарынын алдында белек катары берилди», — деп жазып чыкты. Ушунун баарына унчукпай, чыдап отурасыңар. Миллиондогон тираж менен чыккан гезиттер, сайттар жазып жатат. Буга ыкчам жооп кайтаргыла да. Мынчалык мажирөө болбогула да», — дейт Акаев.

Кыргызстандын жараны, «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды Түркияга жеткирилгени расмий жарыяланды. Ал 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан.

Copyright © 2017 Maral FM