Connect with us

Ош облусунда мыйзамсыз ташылып келген 1,6 млн сомдук тамеки кармалды

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 489 | 0

Ош облусунда мыйзамсыз ташылып келген 1,6 млн сомдук тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Ноокат районунун Он Эки-Бел айылында мыйзамсыз товар ташууга шектелип «С.А.И.» аттуу жаран айдап келе жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Унааны текшерүү учурунда Бириккен Араб Эмираттарында чыгарылган «Milano» үлгүсүндөгү 240 миң даана тамеки табылган. Анын баасы 1,6 млн сомду түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM