Биз менен байланышыңыз

Тажик-ооган чек арасына байкоо жүргүзүү үчүн ЖККУнун ыкчам тобу Тажикстанга келди

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 1156 | 0

Тажик-ооган чек арасына байкоо жүргүзүү үчүн Жааматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) ыкчам тобу Тажикстанга келди.

Аларды Тажикстанга Орусиянын аба күчтөрүнүн учагы жеткирген. Ыкчам топту ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Анатолий Сидоров жетектеп келген.

«Ыкчам топтун ишиндеги негизги максатыбыз  тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүү жана ЖККУ алкагында биргелешкен чараларды көрүү боюнча сунуштарды даярдоо», — деди ал.

ЖККУнун байкоочулары Тажикстандын түштүк аймактарына барары, өлкөнүн Коргоо министрлигинин жетекчилиги, чек арачылар жана башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөрү пландалган.

ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Армения, Орусия, Тажикстан жана Беларусь мүчөлүк кылат.

Белгилей кетсек, АКШ аскерлерин чыгарып кетерин билдиргенден кийин Ооганстанда өкмөт аскерлери менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган. «Талибан» кыймылы улам бир районду басып алууда. Аталган кыймыл менен болгон куралдуу кагылыштан улам өкмөттүк аскерлер Тажикстанга качып өткөн учурлар көбөйдү.

Ооганстан: Тажикстан резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM