Биз менен байланышыңыз

Парламент Орхан Инанды боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угат

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 787 | 0

Бүгүн, 7-июлда парламенттин жыйынында депутаттар Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетишине байланыштуу укук коргоо органдарынын маалыматын угат.

Жыйында депутаттар Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши коомдо кызуу талкуу жаратып жатканын айтып, түштөн кийин ал боюнча маалымат угуу үчүн укук коргоо органдарын чакырууну сунушташты.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM