Биз менен байланышыңыз

Кочкордо Сауд өнүктүрүү фонду каржылаган мектептин курулушу аяктады

Кыска кабар | 5 Июл 2021 | 484 | 0

Кочкор районунун Бугучу айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мектептин долбоору 150 окуучуга ылайыкталган. 2 нөөмөт менен 300 бала окутса да болот.

Жаңы мектепте окуу класстарынан тышкары галерея, ашкана, спорттук зал, көрүү залы жана атайын жабдылган химия, эмгек, физика жана информатика класстары бар. Ошондой эле бардык зарыл шарттар түзүлүп, заманбап жабдуулар, эмеректер менен жабдылган.

Мектептин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталган. Сметалык наркы 690 миң 063 АКШ долларын түздү.

Эске салсак, мектеп  Сауд өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен «27 мамлекеттик мектепти куруу» долбоорунун алкагында салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM