Биз менен байланышыңыз

Ушул жылдын жайында төрт мектеп салынып бүтөт

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 501 | 0

Бүгүнкү күндө Сауд өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен «27 мамлекеттик мектепти куруу» долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында Ош облусунда — 6, Чүй облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 3, Нарын облусунда — 3, Баткен облусунда — 3, Талас облусунда — 2, жалпысынан 7 миң 625 орундуу мектеп салынып баштады.

Иш-мерчемге ылайык, жайында Кочкор районунун Бугучу айылындагы, Кара-Суу районунун Маданият айылындагы, Араван районунун Чек-Абад айылындагы, Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылындагы ар бири 150 орундан эсептелген мектептер, ал эми ушул жылдын аягына чейин бардык мектептер курулуп бүтөт.

Объекттердин жалпы сметалык наркы 25 млн 747 миң 542 АКШ долларын түздү. Анын ичинен бүгүнкү күндө 14 млн 500 миң АКШ доллары бөлүнгөн, ал эми аткаруучу уюмдар тарабынан 18 млн доллардан ашык акча сарпталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM