Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров медицина кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Жаңылык , Кыска кабар | 4 Июл 2021 | 1003 | 0

Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Жапаровдун ак халатчандарды куттуктагандыгын билдирди.

«Сиздердин кесибиңиздер — талыкпас эмгекти талап кылып, адамды мээримге жана камкордукка бөлөйт. Сиздерге албан ийгиликтерди жаратууну, кажыбас кайратты каалайбыз. Ар бир бейтапка жүрөгүңөрдүн бир бөлүкчөсүн берип, күн сайын кимдир бирөөнүн өмүрү, ден соолугу үчүн күрөшүп келесиңер, андыктан силерге да болоттой чың ден соолук каалайм. Ар бириңиздерге күч-кубат жана сабырдуулук, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакубатчылык тилейм», — деди президент өз куттуктоосунда.

Президент, пандемия шартында ак халатчандардын талыкпай эмгектенип жаткандыгын баса белгилеген

Өлкө башчысы, калк саламаттыгы Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат деп айтып, коронавирус боюнча бүгүнкү абал боюнча токтолду.

«Кооптуу илдетке каршы (COVID-19 – ред.) эң мыкты дарыгерлер, медайымдар жана санитардык кызматкерлерибиз талыкпай эмгектенип жатышат. Эл үчүн кылган ак кызматыңар, чыдамкайлыгыңар, кесиптик милдетиңерди так аткарганыңар, бейтаптарга кылган жылуу мамилеңер жана мээримге толгон жүрөгүңөр үчүн ыраазычылык билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.

Буга чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан 1-июлдан тарта Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлгөнү кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM