Биз менен байланышыңыз

Казакстанда Назарбаевдин дагы бир эстелиги ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2021 | 671 | 0

Казакстанда өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин дагы бир эстелиги ачылды.

Эстелик Нур-Султан шаарынын Алихан Бөкейхан жана Керей, Жаныбек хандар көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы ачылган сейил бактын аймагында жайгашкан.

Эстеликтин ачылыш аземине президент Касым-Жомарт Токаев катышып, иш-чарага келгендердин алдында сөз сүйлөгөн. Ал Назарбаевдин мамлекеттүүлүктүү калыптандырууга, чек араны делимитация жана демаркация иштерине, өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги аброюн көтөрүүгө кошкон салымы тууралуу айтып өткөн.

«Елбасы көптөгөн эл аралык демилгелерди көтөрүп, биздин мамлекетти дүйнөлүк саясаттын алдына чыгарды. Бүтүн дүйнө аны улуу саясатчы, тарыхий инсан катары билет. Азыркы жана келечектеги муун өз элинин чыгаан уулуна карап түздөнүүсү керек», — деди ал.

Белгилей кетсек, бул Назарбаевдин алгачкы эстелиги эмес. Буга чейин анын айкелдери Нур-Султан, Алматы, Талдыкорган шаарларында жана башка жерлерде тургузулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM