Кыргыз эли, тарых илими орду толгус чоң жоготууга учурады. Биздин арабыздан кыргыз элинин көрүнүктүү инсаны, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын Манас таануу бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев 72 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ташманбет Кененсариев 1949-жылы 5-сентябрда Аксы районунун Кара-Суу айылында туулган. 1968-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. 1978-1979-жылдары Москвадагы М. Ломоносов атындагы Мамлекеттик университетте стажер-окутуучу, 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеп, 1981-1984-жылдарда Москва мамлекеттик университетинин аспирантура бөлүмүндө окуп, кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Ташманбет Кененсариев 1984-1985-жылдарда Кыргыз мамлекеттик университетинде, 1985-1987-жылдарда Ош педагогикалык институтунда окутуучу, 1987-1989-жылдары аталган институттун Тарых бөлүмүнүн башчысы, 1989-1993-жылдары Ош мамлекеттик университетинин тарых жана укук таануу факультетинин деканы, 1999-2003-жылдары жогоруда аталган окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, андан кийин биринчи проректор болуп иштеп, Ош мамлекеттик университеттин өнүп-өсүүсүнө чоң салым кошкон. 1998-жылы докторлук диссертациясын жактап, 1999-жылы профессорлук даражасын алган. Докторлук эмгеги Кокон хандыгынын тарыхына арналып, жаңы көз караштар менен бирге илимий жаңылыктарды киргизген.
2006-2007-жылдары Кыргызстандын президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору, Кыргыз-орус Славян университетинин проректору, 2008-2010-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, 2010-2013-жылдары Дипломатиялык академиянын 1-проректору, 2014-2019-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору болуп иштеген.
Кененсариев «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясы түзүлгөн күндөн тартып, Манас таануу бөлүмүн жетектеп, Академиянын калыптануусуна, манас таануу илиминин өнүгүүсүнө бардык билимин, тажрыйбасын жана күч аракетин жумшап келген.
Кыргыз, орус, өзбек, түрк, англис, иран, кытай, немец, поляк тилдеринде илимий 17 монография, 3 окуу китеби, 18 окуу-усулдук курал, 350дөн ашык илимий макалаларды жазып чыгарган. Кененсариевдин жетекчилигинде 20га жакын кандидаттык илимий иштер корголгон.
Ташманбет Кененсариевдин эмгеги мамлекет жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан да жогору бааланып, «Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер», «Борбор Азия Элдик академиясынын академиги» жана Улуу Британиянын Эл аралык биографиялык борборунун «2005-жылдын эң мыкты педагогу» деген наамдарына татыган. «Даңк» медалы менен сыйланган.
Чыгаан илимпоз, насаатчы, уюштуруучу жана залкар педагог Ташманбет Кененсариевдин ысмы, эмгеги элибиздин эсинде түбөлүккө жашай берет.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, У.А. Марипов, Н.Ж. Бакирова, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, С.С. Касмамбетов, Ч.А. Абыкеев, А.К. Касымалиева, Н.О. Сыдыгалиев, О.М Бакиров, Ж.К. Турускулов, М.К. Алимбеков, Б.Э. Төрөбаев, А.Т. Сулайманов, Ш.И. Абдылдаев, Г.С. Молдобекова, Ж.К. Бакашова, А.К. Койчиев, Б.Д. Купешов, К.О. Иманалиев, К.Б. Базарбаев, Б.Ж. Кудайбергенов, Т.Т. Тургуналиев, А.Т. Сыргабаев, М.С. Жуматаев, В.М. Плоских, А.А. Асанканов, Т.А. Абдырахманов, Э.Ж. Маанаев, Т.К. Чороев, К.С. Молдокасымов, С.Т. Кайыпов, А.М. Алымбаев, З.Б. Сыдыков ж.б.