Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын Исфара районунда чек ара чырында талкаланган үйлөр кайра тургузулду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2021 | 473 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Тажикстандын Согди облусунун Исфара районундагы Чорку айыл аймагында талкаланган турак жайлар кайра тургузулду. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы жазды.

Маалым болгондой, Чорку айыл аймагындагы Сомониен айылында 16 жана Ходжаи Аълодо 6 үй толугу менен талкаланган.

Облус башчысы Раджаббой Ахмадзода кечээ, 2-июнда жаңы салынган үйлөрдүн ачкычын ээлерине тапшырып жатып, чек ара чырында 29 үй-бүлөнүн үйү өрттөлгөнүн айткан.

«Аларда эч нерсе калган эмес. Кийими да жок болчу. Бүгүн аларга кийим-кече, азык-түлүк, эмерек, муздаткыч жана башка күнүмдүк тиричиликке керектүү нерселердин баарын бердик», — деди ал.

Үйлөрдү кайра курууга мамлекеттен тышкары, кайрымдуу адамдар кол кабыш кылган.

Куруучулардын айтымында, жаңы салынган турак жайлар эки бөлмө, коридор жана верандадан турат. Ар бир үйдүн аянты дээрлик 100 чарчы метр болуп, алардын курулушуна 130 миң сомониден (дээрлик 11,5 миң доллар) сарпталган.

Аталган үйлөрдөн тышкары Исфаранын айылдарында 30га жакын үй жарым-жартылай бүлүнгөн.

Эскерте кетсек, апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 180ден ашык адам ар кандай жаракат алган. 50 миңден ашык турун үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Кыргызстандын өкмөтү билдиргендей, Баткенде 136 турак үйдүн курулушу жүрүүдө.  Алардын ичинде каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 36 турак жай салынууда. Ал үчүн Баткен шаарынын Чет-Булак деген жеринде 5 гектар жер бөлүнгөн (ар бир үйдүн 6 сотыхтан ашык жер тилкеси бар). Үйлөр 4 бөлмөлүү болуп салынууда. Өкмөттөн белгилешкендей, 36 үйдүн курулушу аяктоо алдында турат.

Ошодой эле, башка үйлөр менен бир катар социалдык объекттин курулушун 1-сентябрга карата бүткөрүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM