Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунун соту кызматтан алынды

Кыска кабар | 3 Июл 2021 | 676 | 0

Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Оңолбеков соттун жүрүм-турум эрежелерин бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулган.

Эскерте кетсек, 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында президент Чүй облусунун соту жумушуна мас болуп келгени тартылган тасманы көрсөтүп, ал ишке күндө мас болуп келерин айткан. Ал мындай жүрүм-туруму бар соттор менен реформа жасоого болбой турганын сөз кылып, сотторду сынга алган. Ошондой эле Жогорку Соттун төрайымына кайрылып, аталган окуяны Соттор кеңешинин кароосуна салып, чара көрүүнү тапшырган.

Ал эми Оңолбеков ал тасма былтыр 4-июлда тартылганын айтып, жумушка күндө мас болуп келет деген сөз калп экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM