Биз менен байланышыңыз

«Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда 50гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат

Кыска кабар | 3 Июл 2021 | 335 | 0

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда саат 12:00гө карата 50гө жакын жүк ташуучу унаа чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы эки мамлекеттин чек арасындагы өткөрмө бекеттер кадимки тартипте иштеп жатканын белгилейт.

«Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттерде кезек жок», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бош бара жаткан жүк ташуучу унаалар «Кең-Булуң – унаа жолу» бекети аркылуу Казакстанга чыгып кете алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM