Биз менен байланышыңыз

Назарбаев Путинден Кенесары хандын сөөгүн Казакстанга кайтарып берүүнү суранды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2021 | 1737 | 0

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 30-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда Кенесары хандын сөөгүн Казакстанга өткөрүп берүүнү суранды. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаевдин маалымат катчысы Айдос Укибай билдирди.

Назарбаев Путинден Кенесары хандын сөөгүнүн калдыктарын табууга жана Казакстанга кайтарып берүүгө жардам берүүнү өтүнгөн.

«Елбасы акыркы хандын сөөгү өз мекенине коюлушу казак эли үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. Владимир Путин Казакстандын биринчи президентин бул маселеде орус тарап бардык жардамын көрсөтөт деп ишендирди. Путиндин айтымында, артефакт табылып, Казакстандын элине кайтарылат», — дейт Укибай.

Кенесары казактардын акыркы ханы болуп саналат. Ал 1847-жылы кыргыздардын жерине кол салып келгенден кийин колго түшүрүлүп, кийинчерээк башы алынган. Анын башын кыргыз манаптары Орусияга жөнөткөнү айтылат. Азыркы мезгилде анын сөөгү кайсы жакта экендиги тууралуу так маалымат жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM