Биз менен байланышыңыз

АКШ Борбор Азиядагы үч өлкөдөн 9 миң ооганды өз жеринде убактылуу жайгаштырууну суранууда

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 697 | 0

АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып жатканына байланыштуу Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан америкалыктарга жардам берген 9 миң ооган жаранын өз жеринде убактылуу жайгаштырып турууну суранууда. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып жазды.

Маалым болгондой алар аталган мамлекеттерде АКШ аскерлери чыгарылып кеткенге чейин болуп турушат. Ал эми америкалык аскерлердин 11-сентябрга чейин Ооганстандан чыгып кетери пландалууда.

Ошондой эле АКШ Өзбекстан жана Тажикстан менен алардын аймагынан чалгын иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы айтылууда.

Мындан мурда New York Times АКШнын администрациясындагы булактарына таянып, Вашингтон америкалык аскерлер менен кызматташкан ооган жарандарын башка мамлекеттерде жайгаштырып турууну караштырып жатканын жазган. Ал талибдердин алардан өч алышы мүмкүн деген кооптонуулардан улам жасалып жатканы белгиленген. Бирок ал ооган жарандары кийин америкалык виза алар-албасы азырынча арсар.

Эскерте кетсек, кечээ, 1-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тажикстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушкан. Ал жолугушууларда бир катар маселе, анын ичинде Ооганстандагы кырдаал талкууланганы айтылган. Бирок аталган маселе боюнча сүйлөшүү болгону тууралуу расмий кабарланган эмес.

Белгилей кетсек, АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетерин билдиргенден кийин өкмөттүк аскерлер менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM