Биз менен байланышыңыз

Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрайымы болуп кайра шайланды

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 1611 | 0

Нуржан Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп кайра шайланды. БШКнын башчысын шайлоо бүгүн, 2-июлда өткөн БШКнын жаңы курамынын биринчи отурумунда болуп өттү.

Төрайымдын орун басары болуп Тынчтык Шайназаров менен Нурлан Койчукеев тандалып алынды.

Буга чейин Шайлдабекова БШКнын төрайымы болуп 2016-жылы шайланган.

Эскерте кетсек, 30-июнда депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын бекиткен. БШК мүчөлүгүнө КСДП фракциясынан Узарбек Жылкыбаев, «Республика — Ата Журттан» Кайрат Маматов, «Кыргызстан» фракциясынан Акылбек Эшимов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Тынчтык Шайназаров, «Бир болдон» Абдыжапар Бекматов жана «Ата Мекенден» Искендер Гайпкулов шайланган. Ал эми президенттин квотасы боюнча Нуржан Шайлдабекова, Айдана Жупуева, Марс Наспеков, Акбалык Жумалиева, Нурлан Койчукеев, Анар Дубанбаева БШКнын мүчөсү болгон.

28-июнда президент Борбордук шайлоо комиссиясы боюнча конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, БШКнын 12 мүчөсүнүн алтоосун президент, калган жарымын парламент сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM